Пакистанда бийликтеги коалиция кийинки аптада президент Первез Мушаррафка карата импичмент жараянын баштоого ниеттенүүдө. Маалымат министри Шерри Рахмандын айтымында, буга байланыштуу сунуштун долбоорун коалиция лидерлери бүгүн жактырышы күтүлүүдө. Сунуш 11-августка белгиленген парламенттин жыйынында каралат деди Рахман.