Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму 6-августта Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиевдин «Жарандардын тынч, куралсыз чогулуу, митинг, жүрүштөрдү эркин өткөрүү укугу жөнүндөгү» мыйзамга өзгөртүү жана толуктоолорду киргизген мыйзамга кол койгонуна тынчсызданганын билдирди. Маалыматка караганда ЕККУ бул мыйзамдагы өзгөртүүлөр өтө эле чектелип, активдүү жарандардын коомдук жыйын өткөрүүсүнө тоскоолдук кылып, оорчулук келтирерин белгилеген. Бул тууралуу ЕККУнун Бишкектеги борборунун коомчулук менен байланыш боюнча кеңешчиси Бурул Усманалиева “Азаттыкка” билдирди. (AJ)