Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:01

07:14 И.Чудинов: Биз кыштан кыйналбай чыгуу үчүн баарын жасайбыз


“Киргизилип жаткан чектөөлөр болсо кышында ар бир үйдө жарык болсун дегенибиз, бирок ошол эле убакта үйдү жылытуу үчүн электр кубатын колдонгондорго чектөөлөрдү киргизебиз. Ансыз болбойт. 1-ноябрдан 1-апрелге чейин үйдү жылытууга ошондой чектөө киргизилет, бирок муздаткыч, телевизордун иштеп турганына, жарыктын болушуна чектөө болбойт”,- деп билдирди өкмөт башчы Игор Чудинов “Азаттыкка” кечээ берген маегинде. Ал мектептерде болсо кышкы каникул узартыларын кошумчалады. Анын айтымында, электр кубаты менен жылый турган 880 мектеп бар, алар көмүр менен жылытуу системасын орнотууга кыш түшкөнчө үлгүрбөйт. Ошондуктан шартка жараша кышкы каникулдар айрым жерлерде 45 күнгө чейин узартылышы ыктымал. (AJ)

XS
SM
MD
LG