Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:59

Кытай башкааласы Бээжинде бүгүн жайкы Олимпиада ачылууда


Бээжиндин атайы Олимпиада үчүн курулган, "Чыйырчыктын уясы" деп аталган стадионундагы салтанатка 80ден ашуун өлкөнүн мамлекет жана өкмөт башчылары катышаары күтүлүүдө. Салтанат 2008-жылдын сегизинчи айынын сегизинчи күнүндө, жергиликтүү убакыт боюнча кечки сегиз, Бишкек убактысы боюнча алтыда башталат. Сегиз Кытайда салт боюнча бактылуу сан катары эсептелинет. Олимпиадада 200дөн ашуун мамлекеттин 11 миңдей спортчусу ат салышмакчы.
Кошмо Штаттардын президенти Жорж Буш бүгүнкү салтанатка келээр алдында Кытайдагы адам укуктарынын абалына "терең тынчыздануусун" билдирди. Буштун айтымында, АКШ Кытай эли "ар бир адамдын айныксыз укугу болгон фундаменталдык эркиндикке татыктуу" деп эсептейт. Кытайдын тышкы иштер министрлиши АКШ президентинин сөздөрүн "өлкөнүн ички ишине кийлигишүү" катары четке какты. Ал эми эл аралык Олимпия комитетинин президенти Жак Рогенин кечээги билдирүүсүнө караганда, Бээжиндин абасы спортчулардын саламаттыгына коркунуч туудурбайт. Ал кытай бийликтерин абаны тазалоо багытында "адаттан тыш" чараларды көргөнү үчүн кубаттады.

XS
SM
MD
LG