Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:30

МАГАТЭнин баш директорунун орун басары иш сапары менен Тегеранда


Атом энергетикасы боюнча эл аралык агенттик –МАГАТЭнин баш директорунун орун басары иш сапары менен Тегеранда жүрөт.Ирандын ИРНА жаңылыктар агенттигин кабарына караганда, Оли Хейнонен кечээ иран расмий өкңүлдөрү менен сүйлөшүүлөрүнүн биринчи айлампасын өткөрдү. Ал дүйнөнүн ири алты өлкөсүнин Иран уран байытууну токтоткон шартта берилүүчү жеңилдиктер боюнча сунуштарына Тегерандын берген жообун талкуулар-талкуулабасы белгисиз.
АКШ жана Британия Иран ал сунуштарга талаптагыдай жооп бербегендиктен БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу беш мүчөсү менен Германия Тегеранга каршы жаңы санкцияларды кароону макулдашканын билдирген. Бирок Орусия андай макулдашуу жок экенин айтып чыкты.

XS
SM
MD
LG