Президент Курманбек Бакиев мындай пикирин бүгүн Кытайдагы кыргыз элчилигинде «Цзиньтун» мектебинин кыргыз тилин үйрөнүп жаткан окуучулары менен жолугушуп жатып билдирди. Тилди мыкты өздөштүргөн беш окуучуну эмдиги жылы жайында Ысык-Көлгө эс алып кетүүгө чакырды. Азыр Кыргызстанда кытай тилин үйрөнүүгө дилгирленгендер көбөйүп, кызыгуу жогору экенин кошумчалады. Президенттин маалымат кызматы кабарлагандай К. Бакиев бүгүн бул жолугушууга чейин башка мамлекеттен келген делегация башчылары менен бирге Кытай төрагасы Ху Цзинтаонун расмий кабыл алуу аземине катышкан. Кыргызстандын Кытайдагы элчилилигинин имаратында ачылган “Олимп үйүндө” болгон. (EBM)