Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:00

17:05 Т. Сариев: Митингдерди чектеген жаңы мыйзам - убактылуу мыйзам


“Ак Шумкар” партиясынын лидери, саясатчы Темир Сариевдин “Азаттыкка” билдиргенине караганда, бийлик элди акыйкаттык менен эмес күч менен кармап жатканынан эч майнап чыкпайт. “Конституциялык сот митингдерди чектеген Бишкек шаардык кеңешинин токтомун жокко чыгарууда укуктук эмес, саясый чечим кабыл алган. Бул токтом жокко чыкканда эле депутат И. Масалиев иштеп чыккан мыйзамга президент кол коеру белгилүү болгон”, дейт Т. Сариев. Саясатчы бийлик алмашканда бул мыйзам да алмашат деген көз карашта.
Т. Сариевдин айтымында, бийлик саясатын өзгөртпөсө октябрь-ноябрь айларында карапайым эл жөө жүрүшкө чыкпайт деп эч ким кепил боло албайт.
Өз кезегинде президенттин пресс катчысы Нурлан Шакиев эл аралысында бийликке наарызылк билдирип митинг, пикетке чыгуу маанайы жок экенин “Азаттыкка” берген интервьюсунда билдирген.(MSu)

XS
SM
MD
LG