Жергиликтүү бийликке электр башкармалыктын кызматкерлери өз иштерин одоно мыйзам бузуу менен иштеп жаткандары тууралуу
арыздар облустун губернаторуна Талас шаардык администрациянын жыйындар залында кышка даярдык боюнча өткөрүлгөн чогулушта айтышты. Алар “Түндүк электро” башкармалыктын кызматкерлери элдин электр кубаттуулугуна төлөгөнү, төлөбөгөнүнө карабастан бир көчөнү толугу менен трансформатордон өчүрүп жаткандарына нааразы болушууда. Ошондой эле жыйында аксакалдар электр эсептегичтен тышкары дагы үч фазалуу кубаттуулукка акча төлөйсүңөр дегенге каршы экендерин билдиришти. Губернатор Бейшенбек Болотбеков айтылган маселелер боюнча тиешелүү кызматкерлерге буйрук берип, бул маселе тууралуу өкмөткө билдире тургандыгын айтты. (UA)