Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:36

Грузия эл аралык коомчулукка Орусиянын баскынчылыгын токтотуу үчүн жардам сурап кайрылды


Грузиянын тышкы иштер министри Екатерина Ткешелашвили расмий Тбилиси дүйнөнүн ири мамлекеттеринин жетекчилерине өзү “Орусиянын аскердик баскынчылыгы” деп атаган жараянды токтотуу үчүн расмий Маскөөгө кысым жасоого үндөдү. Саал мурдараак Президент Михаил Саакашвили Орусиянын 150дөй бронетранспортеру коштогон куралдуу күчтөрүнүн бөлүктөрү жикчил Түштүк Осетия аймагына бүгүн түштөн кийин киргизилгенин айткан. Орусиянын коргоо министрлиги бул аскерлер бейпилдик күчтөрүн чыңдоо жана аймактагы орусиялык атуулдарды коргоо үчүн жиберилди деп маалымдады.
Ал эми Европа Биримдиги, АКШ жана НАТОго мүчө өлкөлөр жаңжалдашкан тараптарга Түштүк Осетиядагы куралдуу кагылышууну дароо токтотуу чакырыгы менен кайрылды.

XS
SM
MD
LG