Линктер

дүйшөмбү, 26-июнь, 2017 Бишкек убактысы 15:08

Грузия эл аралык коомчулукка Орусиянын баскынчылыгын токтотуу үчүн жардам сурап кайрылды


Грузиянын тышкы иштер министри Екатерина Ткешелашвили расмий Тбилиси дүйнөнүн ири мамлекеттеринин жетекчилерине өзү “Орусиянын аскердик баскынчылыгы” деп атаган жараянды токтотуу үчүн расмий Маскөөгө кысым жасоого үндөдү. Саал мурдараак Президент Михаил Саакашвили Орусиянын 150дөй бронетранспортеру коштогон куралдуу күчтөрүнүн бөлүктөрү жикчил Түштүк Осетия аймагына жума күнү түштөн кийин киргизилгенин айткан. Орусиянын коргоо министрлиги бул аскерлер бейпилдик күчтөрүн чыңдоо жана аймактагы орусиялык атуулдарды коргоо үчүн жиберилди деп маалымдады.

XS
SM
MD
LG