АКШнын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс Грузияны бомбалоону токтотууга жана ал жактан аскерлерин алып чыгып кетүүгө Орусияны чакырган билдирүүсүн жасады. Андан мурдараак Президент Жорж Буш Грузиянын аймактык бүтүндүгүн сактоо үчүн АКШнын колдоосун билдирген. ЕККУ, Европа Биримдиги жана НАТО бардык тараптарды куралдуу кагылышууну токтотууга үндөп жатышат. ЕБ менен ЕККУнун өкүлдөрү кандуу кармашты токтотуу максаты менен Түштүк Осетияга жөнөп кетишти.