Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:48

БУУнун Коопсуздук Кеңеши Түштүк Осетиядагы кырдаал боюнча бир чечимге келе элек


Соңку суткада тыным албай чукул отурум өткөрүп, Түштүк Осетиядагы кырдаалды талкуулап жаткан БУУнун Коопсуздук Кеңеши бирдиктүү позиция иштеп чыга албай жатат. Коопсуздук Кеңешинин мүчөлөрү жабык эшиктин артында куралдуу кагылышты токтотуунун жолун издеп жатышат. Кеңешип кесүү ишембиде улантыла турган болду. Жума күнкү жыйында Грузиянын БУУдагы өкүлү Орусияны мурдатан даярданып туруп согуштук аба күчтөрүнүн колдоосу менен Грузияга басып кирди деп күнөөлөгөн. Орусиянын өкүлү өз кезегинде грузин аскерлери Түштүк Осетиядагы бейпилдик күч катары кызмат кылган орус аскерлерин көздөй атайылап аткылап, Түштүк Осетияда этникалык тазалоо жүргүзүп жатат деп билдирген.

XS
SM
MD
LG