Грузиянын бийликтери ишембиде өлкөдө аскердик абал киргизгени жатат. Грузиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Каха Ломая президент Михаил Саакашвилинин, парламенттин жана мамлекеттик мекемелердин Тбилисиден эвакуация болгонун билдирген. Ломаянын айтымында, жума күнү түн ичинде Орусиянын самолеттору Грузиянын Поти шаарын жана Сенаки аскердик базасын бомбалашкан.