Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:59

11:45 Эрнест Абдыжапаров: Эл аралык аренага чыкпасак кино өндүрүшүбүздү өнүктүрүү кыйын


Белгилүү кинорежиссер, кыргыз коомчулугуна кеңири белгилүү “Боз салкын”, “Айыл өкмөтү” фильмдеринин автору Эрнест Абдыжапаров толук метраждуу жаңы фильм тартууга киришти. Тартыла турган фильм “Влюбленный вор” деп аталмакчы. “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып режиссер, азырынча фильмдин кыргызча аты табыла электигин, аны фильмдин башкы кейипкери болгон криминалдык чөйрөнүн ана башы же “ворду” кыргызчага түзмө-түз которуу оор болуп жатканы менен түшүндүрдү. Фильмдин аты жакын арада маанисине жараша кыргызчаланарын айткан режиссер, сентябрь айынан баштап тартуу иштерин баштоону пландап жатканын билдирди. “Бул фильм кеңири аудиторияны камтып, эл аралык аренага прокатка чыгууга багытталган. Эл аралык аренага чыкпасак кинобузду өнүктүрүү кыйын. Ошол себептүү киного ар кандай курч эпизоддор сөзсүз кошулат. Бирок фильмде философия бар”,- дейт Эрнест Абдыжапаров. (IJz)

XS
SM
MD
LG