Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирет. Мындай көрсөтмөнү мамлекеттик катчы Досбол Нур уулу тиешелүү өкмөт мүчөлөрүнө берип, ага карата даярдыктарды көрүү тапшырмасын берген. Мамлекеттик катчынын айтымында, былтыр 2007-жылы эгемендик күнү элдик сайрандоо майрамы катары гана белгиленсе, быйыл Бишкек шаарынын борбордук аянтында официалдуу деңгээлде белгиленип, ага президент Курманбек Бакиев да катышат. (IJz)