Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:07

БУУнун Коопсуздук Кеңеши Түштүк Осетиядагы кырдаал боюнча алигиче бир чечимге келе элек


Эки суткадан бери Коопсуздук Кеңешинин мүчөлөрү жабык эшиктин артында куралдуу кагылышты токтотуунун жолун издеп талашып тартышууда. Жума күнкү жыйында Грузиянын БУУдагы өкүлү Орусияны мурдатан даярданып туруп согуштук аба күчтөрүнүн колдоосу менен Грузияга басып кирди деп күнөөлөгөн. Орусиянын өкүлү өз кезегинде грузин аскерлери Түштүк Осетиядагы бейпилдик күч катары кызмат кылган орус аскерлерин көздөй атайылап аткылап, Түштүк Осетияда этникалык тазалоо жүргүзүп жатат деп билдирген. Коопсуздук Кеңеши Түштүк Осетия боюнча талкууну бүгүн улантат.

XS
SM
MD
LG