Мындай маалымат “Чыгыш электр” акционердик коомунун Нарын филиалынын кызматкери Тамара Шаршекеевадан алынды. Анын айтымында, облуста 3227 турак үй электр от казаны менен жылытылып келген. “Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн апрель айындагы 135-токтомунун негизинде ушул жылдын 8-августуна карата 2914 турак үйдүн электр от казандары ажыратылды”, дейт Тамара Шаршекеева. Ал эми Нарын шаарындагы жеке менчик 40 мончонун жана 387 мекеме-уюмдардын электр от казандары ушундай шартка туш болушкан. Филиалдын дебитордук карыздары 357 млн. сом болсо, анын 310 млн. сому электр керектөөчү - карапайым калкка туура келет. (KUs)