Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:19

Аба ырайы: Кыргызстандын айрым токойлорунда өрт чыгуу коркунучу бар


Бишкек шаардык гидрометеорология борборунун шашылык билдирүүсү боюнча, Талас, Лейлек, Базаркоргон, Аксы, Токтогул райондорунун токойлорунда өрт чыгып кетүү коркунучу жогору. Аламүдүн, Жети-Өгүз, Нарын райондорунун токойлорунда да өрт чыгып кетүү корунучу бар. Андыктан бул токойлордо от жагуу кооптуу деп эскертет синоптикер.

10-августта Кыргызстанда күндүз мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +18...+23, күндүз +25...+30 градус.
Талас аймагында түнкүсүн +13...+18, күндүз +23...+28 градус.
Баткен дубанында түнкүсүн +15...+20, күндүз +27...+32 градус.
Жалал-Абат, Ош облустарында түнкүсүн +18...+23, күндүз +30...+35 градус.
Ысык-Көлдө өрөөнүндө түнкүсүн +14...+19, күндүз +23...+28 градус.
Нарын аймагында түнкүсүн +13...+18, күндүз +25...+30 градус.
Бишкек шаарында күндүз мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +19...+21, күндүз +26...+28 градус.

XS
SM
MD
LG