Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:47

16:25 Олимпиада оюндарында Кыргызстандык спортчулар жыдый башташты


Кытайда өтүп жаткан Бейжин-2008 олимпиадалык оюндарына көз салып жаткан кабарчыбыздын маалыматы боюнча кечээ кыргызстандык сууда сүзүүчү Василий Данилов 400 метр узундуктагы комплекстүү сууга сүзүүдө алдыңкы топко кирбей калды. Ал эми кыргызстандык фехтовальщик Сергей Качурин бүгүн мелдешке чыгып, атаандашы франциялык Фабрис Жаннеден биринчи эле беттешүүдө жеңилип калды. Эми 14-августта кыргызстандык дзюдочу Елена Проскуракова мелдешке чыгат. Дзюдо боюнча дагы бир спорт чебери, олимпиаданын ачылышында Кыргызстандын туусун көтөргөн Талант Жанагулов 15-август күнү күрөшкө түшөт. Чүчү кулак кармоо учурунда экөөнө тең күчтүү атаандаштар туш келишти, деп билдирди кабарчыбыз Кабыл Макешов.(ZKo)

XS
SM
MD
LG