Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:21

Кытай: Шинжаң Уйгур автономдук районунда бир нече жерде бомба жарылды


Кытайдын түндүк-батышындагы Шинжаң Уйгур автономдук районунда бир нече жерде бомба жарылып, кагылышуулардан беш адам мерт кеткен. Кытайдын расмий Синхуа маалымат агенттигинин кабарлоосуна караганда, Шинжаңдын Куча шаарында полиция козголоңчу деп шектелгенгендерге ок ачып, беш адам мерт кетип, эки полициячы жана бир сакчы жаракат алган. Маалыматтарга ылайык, белгисиз адамдар өкмөттүк имараттарга колго жасалган жарылуучу заттарды ыргытып, полициянын эки унаасын талкалаган. Шинжаңда жашаган калктын басымдуу бөлүгүн мусулман уйгурлар түзөт. Уйгур жикчилери бир нече ондогон жылдардан бери өз эгемендүүлүгү үчүн Кытай өкмөтү менен кармашып келет.

XS
SM
MD
LG