Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:37

Ооганстандын президенти Пакистандагы террорчуларга каршы согуш баштоого чакырды


Кабулда бүгүн кабарчыларга сүйлөп жатып президент Хамид Карзай эл аралык террорго каршы согуштун стратегиясын Батыш өзгөртүүгө тийиш жана Пакистанда жашырылып жаткан жоочуларды түздөн түз бутага алууга тийиш деп айтты. Карзайдын пикиринде талиптер жана “ал-Каида” менен карым катнашы бар башка жоочулар Пакистандагы өргүү жайларынан Ооганстанга кол салышууда. Ал эми Пакистандын чалгын кызматы бул жоочуларга тымызын көмөк көрсөтүүдө, деди Карзай. Расмий Исламабад Пакистандын чалгын кызматы тууралуу Ооганстандын доосун төгүнгө чыгарып келет.

XS
SM
MD
LG