Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:35

Грузиянын ок атууну токтотуу сунушуна карабай Россия чабуулун токтото элек


Грузиянын ички иштер министри Шота Утиашвилинин Франс-пресс агенттигине билдирүүсүнө караганда, Грузия ок атууну токтотууну сунуштап, Түштүк Осетиядан аскерлерин чыгара баштаганына карабай Россия аскерий учак жана артилерия менен Гори шаарын чабуулга алды. Бул шаар Түштүк Осетияга жакын жайгашкан. Төрт күн жүргөн кармаштан кийин Грузия Цхинвали шаарынан аскерлерин чыгарып, ал орус аскерлери көзөмөлүнө өттү. Бирикен Улуттар Уюмунун жыйынында АКШ Россиянын мындай аракетин Тбилисидеги “бийликти өзгөртүү” аракети катары баалады.

XS
SM
MD
LG