Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:50

12:05 АКШ жарандарына тиешелүү курал-жарак боюнча ишти Башкы прокуратура тергөөгө алды


Башкы прокуратуранын маалымат катчысы Үсөн Маматовдун “Азаттыкка” кабарлаганы боюнча бул иш эл аралык мамилелерге байланыштуу болгондуктан, ИИМ тарабынан АКШ жарандарына тиешелүү деп табылган көп өлчөмдөгү курал-жарак боюнча ишти башкы көзөмөл органы өзү жүргүзүүдө.
“Азаттыктан” мурда кабарлангандай 5-август күнү КР ИИМ Бишкектин түштүк тарабындагы “Ынтымак” жаңы конушунда АКШ жарандары ижарага алган үйдөн көп өлчөмдөгү курал-жарак табылганын, үйдө андан тышкары АКШнын он аскер кызматкери болгондугун, бул ишти Бишкек шаардык прокуратура карап жаткандыгын маалымдаган. Ошол эле күнү АКШнын Кыргызстандагы элчилиги бул курал-жарактар жана аскер кызматкерлери Кыргызстандын күч органдарынын бирин терроризмге каршы күрөшүүгө окутуп-үйрөтүү максатында апкелингендигин “Азаттыкка” билдирген. Кийинчерээк кыргыз өкмөтү да муну тастыктаган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG