Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:09

15:10 Дарыгерлердин катуу көзөмөлүндөгү эне-бала күйдүргү илдетине чалдыкпаганы аныкталды


Бул туурасында Чүй облустук санитардык- эпидемологиялык борбордун жетекчиси Рысбек Сыдыгалиев бүгүн «Азаттыкка» кабарлады. Анын билдиргенине Караганда, 6-августа Кара-Балта бириккен- аймактык ооруканасына эки жашар наристе келип түшкөн. Алгачкы текшерүүдө эне-баланын колуна чыккан жараны дарыгерлер “күйдүргү” деп шектенишкен. Борбордон барган дарыгерлер бир жумадан бери ооруган эне, бала менен карым-катнашы бар айылдаштардын баарын алдын ала дарылоодон өткөргөн. Ал эми бүгүн Республикалык карантин жана өтө жугуштуу илдеттер борбору бала менен энеден күйдүргү табылбагандыган аныктап чыкты. Былтыр Чүйдүн Сокулук районунан күйдүргү оорусуна чалдыккан төрт учур катталган.(JJ)

XS
SM
MD
LG