Облустун жана район, шаарлардын борбору менен чыга беришинде, Ош-Бишкек жолунун облуска караган бөлүмүндө куралдуу аскерлер менен мамлекеттик автоунаа кызматкерлери ар бир автоунааны токтотушуп, кылдап текшеришүүдө. Текшерүү соңку убактарда көбөйүп кеткен жол кырсыктарын алдын алуу максатында 4-августтан бери жүргүзүлүп жатат. Мындай текшерүү болбогондуктан өткөн айда күйдүргү болгон эки бодо мал Өзгөн районунан Сузак районуна ташылып келинген. Ал уйларды сойгон жана этин кармаган кишилер ооруга чалдыгып, бир карыя өлгөн. Текшерүүнүн маалында издөөдө жүргөн автоунаалар, бир нече майда курал-жарак жана маңзаттары табылууда. Ал тууралуу текшерилип бүткөн 15-августтан кийин кеңири маалымат берилет. Мындай маалымат бүгүн облустук бийликтин укук коргоо бөлүмүнөн алынды. (YA)