Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:53

НАТО: Орусия ашыкча күч колдонуп, Грузиянын аймактык бүтүндүгүн урматтаган эмес


НАТО жетекчилигинин оюнча, Орусия ашыкча күч колдонуп, Грузиянын аймактык бүтүндүгүн урматтаган эмес. Бул тууралуу НАТОнун баш катчысы Яап де Хооп Схеффер бүгүн билдирди. Жекшемби күнү Грузиянын президенти Михаил Саакашвили Орусиянын каршылыгына карабастан өз өлкөсү НАТОго кирүүнү максат кылаарын айтып, Улуттар уюмуна жана НАТОго “Орусиянын баскынчылыгын” токтотууга чакырган. Кабарларга караганда, эртең (12-августта) Грузиянын тышкы иштер министри Екатерина Ткешелашвили Брюсселде НАТОнун расмий өкүлдөрү менен жолугушмакчы.

XS
SM
MD
LG