Америкалык сыналгыга курган маегинде президент Буш Түштүк Осетиядагы зомбулук туура эмес болгонун, Орусиянын бул кырдаалга карата аракеттери “пропорционалдык эмес өлчөмдө” жүзөгө ашырылып жатканын айтты. Жорж Буш тараптарды 6-августка чейинки абалга кайтып келүүгө, башкача айтканда, согуштук аракеттерди дароо токтотуп, жаңжал аймагынан аскерин чыгарууга чакырды. Анын аралыгында АКШнын вице-президенти Дик Чейни Орусиянын Грузияга карата аскердик чабуулу “жоопсуз калбашы керек” деп билдирди жана бул чабуулду “баскынчылык” деп атады.