Жорж Буш чатактын ырбашына камтама экенин билдирип, ал үчүн жоопкерчиликти Россияга жүктөдү. Ал баскынчылыкты тезинен токтотуп, орус аскерлерин чатак чыккан жерден чыгарууну талап кылды. “ Россия көз карандысыз мамлекеттин жерине басып кирип, анын демократиялык жол менен шайланган бийлигине коркунуч туудурууда. 21 кылымда мындай аракеттер жарамсыз”,-деп белгилеген Жорж Буш. Мындай аракеттер Россиянын АКШ жана Европа Биримдиги менен мамилесинин бузулушуна алып келерин да президент эскерткен.