Европалык Биримдиктин төрагасы болуп турган Франциянын президенти Никола Саркози бул максатта бүгүн Москва менен Тбилисиге барып, президенттер Медведев жана Саакашвилиге Грузиядагы куралдуу кагылышууну токтотуу планын сунуш кылат. Саркозинин тынчтык планы боюнча Россия жана Грузия Түштүк Осетиядан куралдуу күчтөрүн алып чыгып кетүүгө тийиш. Бул планга Франциянын тышкы иштер министри Кушнердин катышуусунда президент Саакашвили кол койгону айтылууда.