Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:08

16:09 Түштүк Осетия боюнча ТИМ кеңешме өткөрдү


Тышкы иштер министрлиги Президент Курманбек Бакиевдин көрсөтмөсү менен Түштүк Осетиядагы кырдаал боюнча КМШдагы мамлекеттердин Бишкектеги дипломаттары менен кеңешме өткөрдү. Анда Кыргызстан Грузин-Осетин чатагы боюнча түзүлгөн кырдаалга тынчсызданып тургандыгын жана аны тынчтык жол менен жөнгө салуу керек деген ниетте тургандыгы айтылды. Дипломаттар да жаңжалды жөнгө салуу аракеттерин күчөтүү зарыл деген пикирлерин билдиришти. Андан тышкары Кыргызстандын КМШнын органдарындагы туруктуу өкүлү Лидия Иманалиева КМШнын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен Минскиде кеңешме өткөрүп, Кыргызстандын пикири менен тааныштырды. ТИМ азыр бул маселени КМШ,БУУ,Евробиримдик,ЕККУнун өкүлдөрү менен кеңешип жатат. (BD)

XS
SM
MD
LG