Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:33

18:08 Нарын шаар калкынын жайырма пайызы таза суу ичишпейт


Учурда Нарын шаарынын негизги бөлүгүн суу менен камсыздоочу “Ак-Бечел” суу бөлүштүрүүчү жайдан 3800 куб. суу алынууда. Шаар тургандарын суу менен толук камсыздоо үчүн 6 миң куб. суу зарыл. Мындай маалыматты “Нарын” суу-канал ишканасынын башкы кыбатчысы Темирбек Ибраев билдирди. “Ак-Бечелдеги” суу топтоочу жайды кеңейтүү үчүн ар дайым өкмөткө маселе коюп келгенбиз. Учурда “Ак-Бечелдеги” суу топтоочу жана ыплас сууларды тазалоо жайлары үчүн 1 млн. сом каражат бөлүндү. Ал эми шаардын 80 чакырым суу түтүктөрүнүн дээрлик 70 пайызы эскирип бүткөндүгүн Т. Ибраев кошумчалады. Ишкана жалпысынан суу пайдалануучулардан 4 млн. 431 миң сом аласа болсо, анын 686 миң сому бюджеттик мекемелерге, 2 млн. 931 миң сому калкка туура келет. (KUs)

XS
SM
MD
LG