Линктер

шаршемби, 20-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 08:18

С.Лавров: “Грузиянын президенти ишинен кетсе бир кыйла жакшы болмок”


Эгерде Грузиянын президенти кызматынан кетсе, Түштүк Осетиядагы кырдаал жөнгө салынмак. Бул тууралуу Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров билдирди. Министр Лавровдун айтымында, Орусия Михаил Саакашвилини кызматтан алуунун үстүндө иштеген жок, бирок грузин президенти ишинен кетсе бир кыйла жакшы болмок. Сергей Лавров бул тууралуу ЕККУнун учурдагы төрагасы, Финляндиянын тышкы иштер министри Александр Стубб менен биргелешип өткөргөн маалымат жыйынында билдирди. ЕККУ жана Евробиримдик Түштүк Осетиядагы кырдаалды жөнгө салуунун үстүндө иштеп жатат.

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG