Бул тууралуу маалымдаган тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы, тышкы иштер министрлиги президент Курманбек Бакиевдин тапшырмасы боюнча КМШ мамлекеттеринин Бишкекте жайгашкан өкүлдөрү менен кеңешүүлөрдү өткөргөнүн билдирди. Ал кеңешүүлөрдө кыргыз президентинин Түштүк Осетиядагы кырдаалга тынчызданып жатканы билдирилип, чатакты дипломатиялык жол менен чечүү жөнүндөгү Бишкектин позициясы ачыкталган. КМШнын уставдык органдарындагы Кыргызстандын туруктуу өкүлү Лидия Иманалиева Минскиде КМШ мамлекеттеринин өкүлдөрүнүн чукул жыйынын чакырып, анда Түштүк Осетия чатагы боюнча кыргыз президентинин позициясын билдирген. Мындай кеңешүүлөр дагы уланууда, деп белгиленген министрликтин маалыматында.(AiT)
8:11 Түштүк Осетиядагы кырдаал боюнча Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги КМШ мамлекеттери менен кеңешүүлөрдү жүргүзүүдө