Руслан Түмөнбаев грек-рим күрөшү боюнча 12-августа коло медалды жеңип алып, Кыргызстан командасына алгачкы ийгиликти алып келди. Бул жеңишке байланыштуу президент Курманбек Бакиев Кыргызстандын олимпиадалык курама командасына жана жеке Руслан Түмөнбаевге куттуктоо телеграммасын жиберди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.(AiT)
8:13 Пекин олимпиадасында коло медалды жеңип алган Руслан Түмөнбаевди президент куттуктады