Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:11

БУУнун качкындар иштери боюнча Жогорку Комиссары Грузиядагы куралдуу кагылышуудан 100 миң адам качкынга айланганын билдирүүдө


Жогорку Комиссардын айтымында, мындай бүтүм орус жана грузин бийликтеринин расмий маалыматтарына негизденип туруп чыгарылган. Андагы маалыматтарга караганда, Түштүк Осетиядан Орусия тарапка болжол менен 30 миң адам өтө качкан. Ошол эле учурда 12 миң чамал адам Грузиянын жикчил аймагынын ичинде орун которуп, баш калкалоого аргасыз болушту. Ошондой эле Грузиянын Гори аймагында дагы 56 миң адам үй жайын таштап кетүүгө аргасыз болушкан. БУУнун качкындар иштери боюнча комитети Грузиядагы куралдуу кагылыштан жапа чеккендерге жардам көрсөтүү үчүн 2 миллион доллар бөлгөнү айтылууда.

XS
SM
MD
LG