Бүгүн Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиев Казакстандын Ысык-Көлдө эс алып жаткан президенти Нурсултан Назарбаев менен “Чолпон-Ата” мамлекеттик резиденциясында бейрасмий түрдө жолугушат. Анда эки өлкөнүн кызматташтыгы, анын ичинде эл аралык уюмдардын алкагындагы мамилесин талкуулашып, азыр күч алып турган эл аралык айрым көйгөйлөр боюнча ой бөлүшөт.(BD)