“Жарандар коррупцияга каршы” укук коргоо уюму жана тилектештиктин “Дүйнөнү өзгөрткөн адамдар” аттуу өнөктөштүк тармагы Грузин эли менен анын өкмөтүнүн КМШдан чыгуу чечимин колдой тургандыгын билдирди. Алар билдирүүсүндө келечекте Кыргызстан дагы Борбор Азия чөлкөмүндө Грузиянын тажрыйбасын кайталап, адамдын укугу менен эркиндиги бааланган жана чыныгы көз карандысыздык өкүм сүргөн укуктук, демократиялуу мамлекет болуп калат деп ишенишээрин белгилешти.(BD)