Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:49

17:10 13-августта Жалал-Абат облусунда эпизотиялык кырдаал талкууланды


Талкууда адамдар менен бодо малдын күйдүргү илдетине чалдыгыш себептери каралды. Облуста текшерилген 6 мал базары санитардык талаптарга жооп берген эмес. Көптөгөн базарларда жугуштуу оорунун алдын алуучу каражаттар жетишсиз, мал доктурунун тактамасы жок эле кой-эчки бодо мал, жылкылар сатылган учурлар арбын. Чек аралаш аймактарда Өзбекстандын малы жайылып жүргөнү жашыруун эмес. Мал базарга ирегелеш турган тамак-аш сатылчу жайлар атайылап бөлүнбөгөн, андагы ашпозчулар медициналык кароодон өтүшпөгөн. Ошондуктан Базар-Коргондун мал базарында тамак-аш саткан 7 күркө жабылган. Кемчиликтерди оңдоого базар ээлерине эки ай убакыт берилди. Эскертчү жагдай өткөн айда облуста он адам күйдүргү илдетине чалдыгып, бир карыя оорудан каза тапкан. (YA)

XS
SM
MD
LG