Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:51

17:35 Президенттер К. Бакиев менен Н. Назарбаев Ысык-Көлдө жолугушту


Бейрасмий маалыматтар боюнча казак-кыргыз президенттери чай үстүндө эки өлкөнүн саясий-экономикалык абалын талкуулашты. Жергиликтүү талдоочулардын айтуусунда, Ысык-Көлдөгү төрт пансионаттын ижара жана салык төлөмдөрү боюнча дагы сөз болушу мүмкүн. Анткени эс алуу сезонунун алдында салыктар жана жыйындар комитетинин башчысы Ысык-Көлгө келип, атайын жыйын курганда, Казакстанга берилген пансионаттар ижара акысынын көбөйтүлүшүнө каршылыгын билдирген жетекчилер болгон эле. Ошондон улам бул маселе Курманбек Бакиевге да түздөн-түз жеткирилди деп боолголонуп жатат. Эки президенттин Ысык-Көлдөгү эс алуусун коопсуздук кызматтары өтө күчөтүлгөн тартипте кайтарууда. (RB)

XS
SM
MD
LG