Орусия менен Грузиянын аскердик жаңжалында ок атышууларды токтотуу тууралуу жарыя кылынгандан бери бүгүн Түштүк Осетияда жаңы кагылышуулар жөнүндө кабарлар болгон жок. Бирок Грузиянын президенти Михаил Саакашвили маалымат жыйынында орусиялык жоокерлер Грузиянын аймагынан чыга электигин, ок атышууларды токтотуу тууралуу жарыяга карабастан, өлкөнүн ар кыл аймактарында ары-бери жылып жатканын айтты. Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров болсо орусиялык аскерлер грузин жоокерлери 8-августка чейинки орундарына кайтмайынча бул аймактан кетпей тургандыгын айтты. Беш күнгө созулган салгылашуулар Евробиримдиктин учурдагы төрагасы Франциянын президенти Николя Саркозинин Орусия жана Грузиянын лидерлери менен шейшембидеги сүйлөшүүлөрүнөн кийин токтотулган.