Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан “Азаттыкка” билдиришти. Маалыматка караганда, келерки жылдын бюджет долбоору август айынын аягына даярдалып, сентябрда парламенттин кароосуна жиберилиши күтүлүүдө. Учурда бюджет боюнча министрлик, мекемелер ортосунда кызуу талаш-тартыштар жүрүүдө. Кандай болгон күндө да бюджет социалдык багытта болмокчу.(AiT)