Ак үйдүн башчысы Вашингтондо Грузиянын аймагында согуштук аракеттер токтобой жатканына терең кабатырланган билдирүү менен чыгып, Орусияны берген сөзүнө турууга чакырды. Буш ошондой эле Грузияга гуманитардык жардам көрсөтүү боюнча операциянын башталганын билдирди. Гуманитардык жардам жүктөлгөн биринчи аскердик учак Тбилисиге келгени айтылууда. Ал эми АКШнын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс бүгүн Франция менен Грузияга сапар тартты. Ал Тбилисиге Президент Буштун айтымында, Вашингтондун Грузияга урагыс колдоосун көрсөтүү үчүн баратат. Райс жөнөп кетер алдында Франция ортомчулук кылган тынчтык планын Россия бузса аны обочолонуп калуусу күчөйт деп эскертти.