Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:41

10:50 “Эрк” партиясы жарандардын тынч чогулуу укугун чектеген мыйзамды Конституциялык сотко бермекчи


Аталган партия 6-август күнү мамлекет башчы тарабынан кол коюлган “Жарандардын тынч чогулуу укугу” жөнүндө мыйзамга байланыштуу бүгүн билдирүү таратып, бул мыйзамдын күчүнө киргизилүүсү –демократиялык өнүгүүдөн кайра артка кетүү, деген оюн билдирген. Билдирүү ээлери бул мыйзам менен кайгылуу Аксы окуясын жүзөгө ашырган бийликтин аракети мыйзамдуу болуп калууда, деп эсептешет. Ошондой эле билдирүүдө “кыргыз бийлиги “Жарандардын тынч чогулуу укугу” жөнүндөгү мыйзам адам укугу боюнча жалпы Декларациянын негизинде, жарандык жана саясий укуктардын Эл аралык пактына жана Кыргызстандын Башмыйзамына ылайык кабыл алынды деп белгилеп жатат, ал эми чынында бул –калп”, деп айтылат. Буга байланыштуу башында мурдагы Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу турган “Эрк” партиясы жарандардын тынч чогулуп, пикирин билдирүү укугун чектеген мыйзамды Конституциялык сот аркылуу жокко чыгарууга жетишүүнү көздөөдө. Ошондой эле билдирүүдө бийлик бир гана максатта массалык каршылык акцияларын болтурбоого, кандай гана жол менен болбосун, бийликти колдон чыгарбоого аракеттенип жатат, деп айтылган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG