Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:57

12:55 Өмүрбек Текебаев: Президент К. Бакиев берген убадаларын теңирден тескерисинче аткарып жатат


Мындай пикирин “Ата Мекен” партиясынын лидери “Азаттыкка” таңкы маектешүү учурунда билдирди. Анын белгилегени боюнча өткөн үч жыл бийликтин, президент Курманбек Бакиевдин программасы, өзүнүн көз карашы жок экендигин көрсөттү. “Мамлекет башчы өлкөгө өнүгүү концепциясын сунуш кыла алган жок. Бакиев жүргүзүп жаткан иштер мурун Аскар Акаев баштап кеткен эл аралык каржылык уюмдар сунуштап, бизге таңуулаган иш-аракеттер болуп жатат. Энергетика, байланыш, авиация, темир жол тармагын, Бишкектеги суу, газ менен камсыз кылуу системасын тез арада сатып жиберүү аракети, Акаевдин дити, күчү барбаган иштерди Бакиев кыска мөөнөттүн ичинде жасаганга аракет кылып жатканын көрсөтөт,” деп билдирди Өмүрбек Текебаев. Саясатчы азыркы бийликтин кетирген эң чоң катачылыгы – элдин шайлоого болгон ишенимин биротоло жоготту, деп эсептейт.
Бүгүн, 14-август күнү мамлекет башчы Курманбек Бакиевдин президенттик ишине расмий киришкенине үч жыл толду.(ZKo)

XS
SM
MD
LG