Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:25

16:50 “Түндүк электро” ишканасы тарабынан 7 миңден ашуун керектөөчүгө үч фазалуу электр кубатын колдонууга тыюу салынды


Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлиги быйылкы кышта энергетиканы үнөмдөө максатында үч фазалуу электр кубатын колдонуучуларга убактылуу тыюу салууну буйруган. Буга байланыштуу “Түндүк электро” ишканасы Бишкекте 2,5 миңден ашуун, Чүйдө 2,5 миңге чукул, Таласта да 2 миңден ашуун керектөөчүнүн үч фазалуу электр кубатын пайдалануу укугун убактылуу токтотту. Маалыматка караганда “Түндүк электро” ишканасынын карамагында 96 миңден ашуун керектөөчү үч фазалуу электр кубатын колдонот. Керектөөчүлөрдү мындай укуктан убактылуу ажыратуу кышкы жылуулук убагында күн сайын 4 млн кВт саат электр энергиясын үнөмдөөгө мүмкүндүк түзөт, деп кабарлайт “Түндүк электро” ишканасынын маалымат кызматы.(ZKo)

XS
SM
MD
LG