Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:16

Р. ТҮМӨНБАЕВ: АР БИРИБИЗ МЕДАЛЬ АЛСАК, КУБАНЫЧТА БОЛОСУҢ ДА


Маектешкен Кабыл Макеш, Бээжин Бээжиндеги Олимп оюндарынын биринчи жумасында Кыргызстандын спортчуларынын ичинен грек-рим күрөшү боюнча эки балбан Руслан Түмөнбаев менен Канат Бегалиев байгелүү орундарды камсыз кылышты. 12-августтагы 60 кг. салмактагы балбандар арасындагы мелдеште коло медалды 22 жаштагы Руслан Түмөнбаев жеңип алды. Руслан “Азаттыктын” Бээжиндеги кабарчысына маек куруп берген.

“Азаттык”: - Коло медалың кут болсун! Руслан, грек-рим күрөшүнүн таймаштары кандай өтүп жатат?

Р. Түмөнбаев: - Рахмат куттуктооңузга. Азыр Бейжин олимпиадасында грек-рим күрөшү жогорку деңгээлде өтүп атат деп ойлойм. Кыргызстандан грек-рим күрөшүнө экөөбүз катышсак да, дүйнө жүзүнүн башка спортчуларындай эле деңгээлде даярданып келгенбиз. Бардыгы жакшы.

“Азаттык”: - Эки балбан келдиңер, анан эки медалды олжолоп баратасынар. Кандай сезимде болуп турасың?

Р. Түмөнбаев: - Ар бирибиз медаль алсак кубанычта болосуң да.

“Азаттык”: - Сенин атаандаштарың кандай болду?

Р. Түмөнбаев: - Атаандаштарым күчтүү балбандар болду. Биринчи чыккан атаандашым 2008-жылкы Дүйнөлүк чемпиону, андан кийинки Арипов Азия чемпионатында күрөшкөн дүйнө чемпиону. Финалдан орусиялык балбанга утулуп калдым. Монзон деген Дүйнө жана Европа чемпионун утуп, жеңишке ээ болдум.

“Азаттык”: - Бул таймаштар калыс, жакшы маанайда өттүбү?

Р. Түмөнбаев: - Жакшы маанайда өттү го деп ойлойм.

“Азаттык”: - Бул жеңишиңе кимдер чоң салым кошту деп ойлойсуң?

Р. Түмөнбаев: - Менин жеңишиме биздин федерация, машыктыруучулар жана ата-энем, бир туугандарым чоң салым кошту. Атап кетсем, федерациядан Максим Бакиев ушул олимпиаданын астында көп-көп жардамдарды берди. Андан кийин машыктыруучуларым Амиркул, Эмиль агайлар, ата-энем олимпиадага даярдыкта эч жака жумшабай, даярдык үчүн шарт түзүп беришкен.

“Азаттык”: - Алдыдагы максаттарың кандай? Лондон олимпиадасына дагы таймашка чыкканга аракет кыласыңбы?

Р. Түмөнбаев: - Буюрса, бардыгы жакшы болсо, Лондон олимпиадасына даяр болуп калам го. Эми ага чейин көп нерселер бар го.

“Азаттык”: - Маегиңе рахмат. Ийгилик каалайм.
XS
SM
MD
LG