Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:07

Д.Медведев Грузиянын эки жикчил аймактарынын лидерлерин кабыл алды


Москва Түштүк Осетия жана Абхазиянын жикчил бийликтеринин бул аймактардын болочокку макамы тууралуу бардык сунуштарын колдойт. Бул тууралуу Орусиянын президенти Дмитрий Медведев билдирди. Бүгүн Кремлде Медведев Грузиянын бул эки жикчил аймактарынын лидерлерин кабыл алды. Орусиялык маалымат каражаттары президент Медведевдин сөзүнө шилтеме жасап, бул таанылбаган эки жумурияттын макамдарынын Кавказда жана бүткүл дүйнөдө таанылышы үчүн Кремл кепил болорун билдиргенин жазып чыгышты.

XS
SM
MD
LG