Акындын юбилейине карата чыгармаларынын эки томдугу чыгарылып, Бишкектеги Москва жана Тоголок Молдо көчөсүндөгү скверге эстелиги, акын жашаган үйгө эскерме тактай орнотулат. Мындай чечим акындын юбилейин өткөрүү боюнча вице-премьер-министр Элмира Ибраимова башында турган уюштуруу комитети кабыл алганын өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.(AiT)