Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:45

11:00 Беловодскидеги абакта кырдаал тынч


Бул тууралуу адилет министрлигинен “Азаттыкка” билдиришти. Абактагы азыркы абал тынч, кечээки чатактын чоо-жайы иликтенүүдө. Учурда колониядагы кырдаал бийлик тарабынан көзөмөлгө алынган. 14-августа кечке жуук абакта баш-аламандык башталып, анда абактагылар тартип коргоо органынын эки кызматкерин өлтүргөн. Такталбаган маалыматтар боюнча эки тартип сакчысына бычак сайган Кадырбек Абдышев жарадар болуп, ооруканага жеткирилип бара жаткан жолдо каза тапкан. Атайын прокуратуранын маалыматы боюнча жазасын өтөп жаткандардын ичинен дагы бирөө 36 жаштагы Эрмек Урмамбетов каза тапканы кабарланууда. Абактагы чатактын чыгуу себеби, азыркы кырдаал тууралуу бүгүн түштөн кийин адилет министринин орун басары Сергей Зубов менен атайын прокуратуранын өкүлдөрү журналисттерге маалымат бермекчи.(ZKo)

XS
SM
MD
LG