Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:13

16:55 Т. Сариев: Президенттин ишинин эң башкы көрсөткүчү - элдин абалы, жашоо-турмушу


“Ак Шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев “Азаттыктагы” маегинде Курманбек Бакиев башкарган үч жылдын ичинде калктын күнүмдүк турмушу өтө оорлоп кеткенин баса белгиледи. Бийлик цифраларды кооздоп айтып, өздөрүнө өздөрү отчет берип, өздөрүн сүйө берсе болот, бирок калың эл президенттин кылып жаткан ишинин, саясатынын жемишин жүрөгү, чөнтөгү аркылуу сезет, ишмердүүлүгүнө эл тараза болот, дейт Т. Сариев. Аскар Акаев президент болуп жүргөндө он беш жылдан кийин Акылбек Жапаров ага “Эл баатыры” деген наам берүү демилгесин көтөрүп чыкканын эске салып, эми Бакиев үч жыл иштей электе эле мындай наам берүү сунуштарын күлкү келерлик деп сыпаттады. (EBM)

XS
SM
MD
LG